Токтогул районун (Кетмен Төбө өөрөнүнүн) символикасын (официалдуу эмес гербин) жасоого конкурс жарыяланат

Бул символдо Токтогул районун (Кетмен Төбө өөрөнүнүн) тарыхын, маданиятын, экономикасын, тоо-таш-жерибиздин өзгөчөлүктөрун жана башка айрымачылыктарын чагылдырган композиция болуш керек.

Сунушунуздарды Токтогул шаарчасынын Фейсбуктагы баракчасына https://www.facebook.com/groups/toktogulum/ , же toktogul@yahoo.com электрондук почтасына жонотсонор (мен бул жака элдин алдына чыгарып турам).

Анда чогулуп байге фондун түзөлү, менден 200 сом. Ар бирибиз кичинеден колубуздан келишинче чыгарсак (мисалга 50, 100, 200 сомдон, кимдир бирөө көбүрөөк ), жакшы эле байге болуп калчудай.

Кана эмесе кеттик, ар кандай сунуштарды кутобуз!!!

Жетишээрлик заявка түшкөндөн кийин, утуучуну элдик шайлоо менен ушул жерде озубуз тандайбыз.

Реклама
Categories: Uncategorized | 2 комментария

Токтогулдун адабий мурасы

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн эл аралык Тюрксой уюму 2014-жылды кыргыздын ак таңдай акыны Токтогулдун жылы деп атады.

Быйыл Кыргызстанда Токтогул акындын 150 жылдык мааракеси белгиленет.

Тарыхчы окумуштуулар Тынчтыкбек Чоротегин менен Кыяз Молдокасымовдун тарых талкуусунун бүгүнкү темасы Токтогул акындын адабий мурасын иликтөөгө жаңыча мамиле жөнүндө болмокчу. 

Тынчтыкбек Чоротегин:

-Түрк дүйнөсү-бул улуу кургыз акынына өзгөчө баа берип жатат. Бирок Совет учурунда анын өмүр жолу бир беткей үйрөнүлүп, иликтенип келген. Азыр жаңы бир катар деталдар да чыгып жатат. Ошол жөнүндө да биз азын-оолак сөз кыла кетелик. Мына Кыяс мырза, сиз Токтогулдун актыгын, күйүтү жана башка кандай бир мүнөздүү белгилери, анын өмүрүндөгү өзгөчө жактары жөнүндө айта аласыз?

Кыяс Молдокасымов:

-Токтогул өз замандаш акындарынан бир топ жактары менен айырмаланып турган жагдайы бар. Токтогул Сатылгановдой устаттык кылган чоң бир акындар саналуу эле. Токтогулдун артыкчылыгы, өзүнүн артынан Калык Акиев, Коргол Досой уулу жана башка көптөгөн көптөгөн акындарды тарбиялап, чыгаргандыгы менен өзгөчөлөнөт. Ошондой эле Токтогул Сатылганов жөнүндө жазылган көпчүлүк эмгектерде, бул советтик идеология, коммунисттик идеология өзүнүн таасирин тийгизбей койгон эмес. Анын көп жактарын таптык көз караш менен изилдөөгө көбүрөөк кызыкдар болуп, айрым бир ырларды, айрым бир жагдайларды, ага бир жасалмалуулук жактан дагы арттырып ийген учурлар кездешет.

Тынчтыкбек Чоротегин:

-Маселен, Кыяс мырза мына, Арзымат деген бай манаптарга кошомат кылган акын болгон, Токтогул аны жакшы ийитине жеткирип сындаган дешет. Бирок кийин Арзыматтын болгонбу болбогонбу деген да суроо чыкты ээ?

Кыяс Молдокасымов:

-Чын Арзымат барбы жокпу же ал кайсы мезгилде чыккан деген да. Азыр эле жогоруда айтканда бул Токтогулдун кадыр-баркын арттырыш үчүн, ушундай бир Арзыматтай акынды чыгарып, анан Арзыматтай бир акынды Токтогул аябагандай бир элдин алдында ашкере кылып, бай-манаптарды ошол жерде бетин ачып берген сыяктуу көргөзгөн учурлар жок эмес. Бирок көпчүлүк адабият изилдөөчүлөр, көпчүлүк Токтогуловеддер Арзымат деген акындын болбогонун, анын архивде деги эле материалдары жок экендигин, мына кийинки мезгилде дайын болуп атат. Бирок ага карабай, Токтогул Сатылганов өзүнүн оюн, пикирин, өзүнүн көз-карашын түз айткан, кайсыл мезгилде болбосун, кайсыл учурда болбосун эч кандай кошоматчылык кылбай, түз айткан ырлары бүгүнкү күнгө чейин сакталып, жеткени бизге маалым.

Тынчтыкбек Чоротегин:

-Дал ошол үчүн бүт түрк дүйнөсү чынында анын мааракесин белгилеп жатат да. Мунуң туура, сөзүңдө калет жок. Анан дагы бир маселе, 1864-жылы туулуп, 1933-жылы дүйнөдөн өткөн бул акын жети жылдай Сибирде сүргүндө болгондугу маалым, ошондо орус тилин үйрөнгөндүгү маалым. Ушуга байланыштуу аны котормочу дагы болгон дешет, ушул чынбы?

Кыяс Молдокасымов:

-Жакында эле ушу бир жылга жете элек, Омор Сооронов деген мыкты эмгекчил, изилдөөчү агайыбыз бар. Мына ошол илимдер академиясына кол жазмалар фондусунан карап отуруп туруп, Токтогул Сатылгановдун биографиялык жакшы документин таап алды. Мына ошондо Токтогулга келген Советтик кызматкер орусча, орус улутундагы советтик кызматкер эч бир котормочуларды таба албай, анан ошол жерден Токтогул Сатылганов ага котормочулук кылып жүргөн. Анан ошол Токтогул Сатылгановдун оозунан көптөгөн маалыматтарды жазып алганын жакында эле өзүнүн макаласында, маалымат каражаттарында жарыялады да.

Тынчтыкбек Чоротегин:

-Баракелде! Дагы бир маселе, кээ бирлери мындай ээн ооз сыяктуу кылып сүйлөп калган учурла бар, Токтогулду Жоомарт Бөкөнбаев көтөрмөлөп 1930-жылдары пролетардык диктатурага ылайык бизде да акындар болгон деп жасалма мактап койгон. Анын деңгээли анчалык эмес болчу деген сыяктуу сөздөр айтылат. Аа иш жүзүндө чындап эле ыңкылапка чейин Өктөбр ыңкылапка чейин эле Токтогул Сатылган уулун өзбектер дагы, казактар дагы, Түндүк-Түштүк, тээ кытайлык кыргыздардан бери баалаган акын болгон эмеспи, туурабы?

Кыяс Молдокасымов:

-Эң туура, Токтогул Сатылгановдун талантына эч ким шек келтире албайт. Токтогул Сатылганов менен айтышкан учурда бул Жеңижоктун өтө күчтүүлүгүн Токтогул баалап, мына сен ушундай бир сөздүн улуу статусусуң деп аны баалаганын, ошол эле мезгилде өзүн комуз менен күү черткен жагы Ниязаалыдан бир аз артта калганын моюнуна алып, андан башка дагы кыргыздын мыкты-мыкты таланттарын өзгөчө баалаганын, өзгөчө Эшмамбет менен айтышкан учурлары же башка Калык Акиев менен айтышкан учурлары, мына ошол эскермелерде Токтогул Сатылгановдун кимдиги, кандай акын экендиги даана көрүнүп турат. Анын үстүнө Токтогул Сатылганов ар бир тарыхый окуяны, ар бир ошол мезгилдеги окуяны ушунчалык бир так сыпаттап, сүрөттөгөнүн биз мына архивде изилдеп отурганда дагы ошол Токтогул Сатылгановдун ырынын жардамы менен ал кантип сүргүнгө айдалганын, анан сүргүндөн кантип кайра келгенин биз ошол ыры менен келип тактап отуруп, ошону архивден жаңы бир тарыхый маалымат булактарды таап отурабыз.

Тынчтыкбек Чоротегин:

-Эми чыгаан акын, демократ акын Токтогул Сатылган уулунун өмүр жолу жөнүндө абдан көп ар тараптуу изилдөөлөр мындан ары да жасалышы керек. Маселен, кандай аял тууду экен, Линдей уул деген ырды ал чындап жазганбы же жокбу деген сыяктуу күдүк сөздөр бар. Алардын баардыгын кийинки иликтөөлөр ачып бериши керек деп эсептейм. Кандай дейсиң?

Кыяс Молдокасымов:

-Токтогул Сатылгановдун бул мааракелик жылын, анын ушул буга чейинки белгисиз изилденбей жаткан жагдайларын изилдеп, жаңы эмгектерди чыгаруу менен элге Токтогул Сатылганов ким экенин, анын улуулугун тарыхый жактан дагы, чыгармачыл жактан дагы изилдеп, ошол бийиктикке жетишибиз керек.

Булагы: http://www.bbc.co.uk/kyrgyz/kyrgyzstan/2014/01/140124_toktogul.shtml

Categories: Uncategorized | 1 комментарий

Озеро Кара-Суу в Токтогульском районе

Озеро Кара-Суу находится в Токтогульском районе. Озеро завального типа, его уровень зависит от времени года. Оно растянулось с востока на запад на 7 километров. В верховьях имеется другое озеро Капка-Таш, площадь которого меньше в несколько раз. Отсюда берет свое начало река Кара-Суу, приток Нарына.

Живописность озеру придает то, что оно окружено горами и лесами. Оттого она привлекательна для туристов. Автодорога доходит лишь до западного берега, далее – тропинки. Здесь же, в широкой его части, имеется остров, который появляется лишь в то время, когда низкий уровень воды. Озеро также будет интересно и для рыбаков.

Береговая часть служит кормовой базой для животных, в том числе и для домашнего скота, поэтому чабаны часто перегоняют сюда свой скот.

23

24

2

1

0

18

22

21

20

19

17

16

15

14

13

12

11

10

9

8

4

источник: http://reporter.akipress.org/news:23049/

Categories: Uncategorized | Оставьте комментарий

Токтогул районундагы ыйык жерлер

1. Шамшыкал ата

Токтогул шаарчасы

Кароолчусу – Акылбек

Кетмен-Төбөдөгү ыйык саналган жердин бири эсептелген Шамшыкал туз кени Токтогул шаарчасынан 30 чакырым чыгышта, деңиз деңгээлинен 1287 м. бийиктикте жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – кабыр. Ал Шамшыкал тоосунда жайгашкан. Ал тоонун үстүнөн туз кени чыгат. Бүбү-бакшыларда “актыкты моюнга алуу” деген салт бар. Кабырдын жанынан ак матаны жазып, үстүнөн атташат экен. Матаны аттаган адам кудайдын адамы делип эл үчүн кызмат кылат экен, ал ак мата ошол жерде жайгашкан кабырдын жанындагы баканга байланат экен. Азыркы күндө ал нерсе бир аз азйып баратат (атын жашырган адамдын маалыматы).

Кабырдын алдында туз казган карьер жайгашкан, ал жерге туура эмес жол менен келген (ичимдик ичип ж.б.) адамдар туз казса, чыкпай койчу экен. Ал эми казылган туздун орду кайра толуп турчу дейт. Транспорт өнүккөн мезгилде ошол жерден машина менен ала турган карьер ачылып, туура эмес пайдалангандан туз бербей койгон деп бүбү-бакшылар айтышат, ошол себептен туз казган машиналар ошол жерде калып калган экен (кийин алып кете алган эмес).(атын жашырган адамдын маалыматы)

Кабырдын чыгыш тарабында Чилтен деген үңкүр бар. Ичине жылаандар уялап турат. Ал жерге кырк чилтен деп сыйынып адамдар кырк күн болушат экен. Адамдар суу, тамак аш алып келип берип турушат.

Оозеки тарыхы:

Кароолчу Акылбектин айтымында: “Шамшыкал ата араб, пайгамбарыбыздын сакабаларынын бири болгон. Бир кезде дабат кылып жүрүп ушул жерден каза болуп, ушул жерге коюлуп калган. Өзүнүн аты –Самсы. “Самсы калды” деп айтылып жатып, ушул жер Самсыкалды деп аталып калган дагы, кийин Шамшыкалды болуп калган”.

«Шамшыкал атанын шайыктары жашаган Тоскоол ата, Мүйүздүү Ыйык жер ата, Кайнар булак, Кара булак деген Ыйык жерлер бар» (…).

Жергиликтүү Алмаздын айтканы: “Эл баккан адам болгон деп билем. Туз жүктөп келип, ошол жерге калып калган дешет. Ал жерден кийин тузду малга алмашып, элин багып келген экен. Көзү ачыктардын айтымында Торкен айылынын үстүндө атынын жалы менен тосуп турат экен. Ал жердин чөбүн жеген мал да этин чымыр сактайт. Ошол жердин ыйыктыгынан мал эгиздүү да болот деген ата-бабалардын сөзү айтылып келсе, кийин СССРдин чабандары да сыймыктанып келген. Техника өнүгө электе бөлөк айылдан 40-50 адам ат менен келип казып кетип, эртеси ошол жер кайра толуп турган экен. Техника менен казган мезгилде да аттырылган жер эртеси билинбей турган. Туура эмес сүйлөп, ичимдик ичип барган адамдарга туз чыккан эмес деген да сөздөр айтылат. Туз алып жаткан мезгилде жакпаган адам мас абалда болуп сүйлөгөндө, жөн турган машинасы жүрүп барып жардан учуп кеткен экен”.

Шайык Керээз ата:

“Шамшы кал,

Тоскоол ата тозо көр,

Мүйүздүү Ыйык жер сүзө көр,

Көз жашым агылса булак чык,

Шор арылса туз чык”

— деп айтылган”.

“7 бир тууган болгон: Шамшыкал ата, Салп ата, Коргон ата, Каракаш ата, Карасакал ата, Кара булак ата, Кара кыз апа. Калгандары дгы – өздөрүнчө Ыйык жерлар”.

“Бул тоодо Кара-Булак, Ак байбиче, Ак кожо, Ак тайлак деген периштелер да бар. Кырк чилтен – кыргыз кожонун чилтени. Арстан деген Бүргөндүлүк бала жатып чыккан”.

Ислам институтун бүткөн Сүйүндүн пикири:

“Дин негизининен ыйык жерлерге каршы, бирок толук эмес. Ислам дини 73 фирхага бөлүнөт. Эң туурасы ошол бутак ахли сунет Валь жамаат – бизче сүннөткө бекем болгондор. Сүннөт – эң тазасы, улуу жетекчи, жол башчы, алар менен салыштырмалуу баарына тегиз мамиле жасаган. Азыр да андай жетекчи жок. Еврей ислам динине каршы. Мухаммед пайгамбар арабдан чыкты. Хизбуд Талибан еврей болгон, бул Ислам дининен кийин чыккан. Анын максаты Мухаммед башкарган дин бизден аз болуш керек деген, бирок Куранга өзгөртүү киргизе алган эмес, агымды бузат. Ал эми андан мурда чыккан шаманизм Адам атадан калган. Кудай: “Мен пенделериме кимден эмнени сураса, мен ал аркылуу ошол нерсени берем”, – деген. Мунун өзү Ыйык жер аркылуу сураганга Ыйык жер аркылуу берем деген мааниде. Мегн Ыйык жерлерге сыйынбайм, бирок сыйлаймын”.

Айыл аксакалынын маалыматтары:

1) Шамшыкал тоосунун ыйыктыгына баа жеткис, бирок бул, менин оюмча, Кудайга сыйынуу үчүн бара турган точка деп эсептейм, Шамшыкал ата аркылуу кудайга сыйынам деп барыш керек. Шамшыкал ата кудайдын элчиси деген маалыматта болуу керек.

2) Шамшыкал деген адам төө менен туз ташып жүргөн мезгилде, ошол жерге эс алып олтурганда, белгисиз тараптан “Шамшы кал” деген үн чыгат.

3) Ошол тоодо кербендер өтүп жаткан мезгилде бир ботосу адашып калган деген да сөздөр бар. Ал бото боздоп ыйлап, көз жашы ошол жерге сиңип, жердин даамы да шор даамданган.

4) Илимпоздордун айтымында кен байлык туздун радиусу жер алдында – 100 чакырым. Борбору Шамшыкал тоосу болгон туз өзү да ыйык, Шамшыкал деген бийик даражалуу адамдын сөөгү ошол тоонун чокусуна өзүнүн өтүнүчү боюнча коюлган.

5) Шамшыкал ата деген – биз төрөлгөндө эле кулагыбызга сиңген сөз. Бизди ошол колдоп турат, булагынан майып балдар оңолуп кетет, илгертен көк жөтөл да ушул жердин булагынан айыккан. Анын өзүнүн булагын Киндик деп атап коюшат.

Замир Нургазиев: “Шамшыкал деген адам элин туз менен баккан. Ал Керимбай болуштун мезгилинде тузду малга алмашканы Талас жерине барып тузду “бул жаздык”, “бул болсо күздүк” – деп бөлүп берген экен. Ал жердин башчысы тоого алып чыгып, тузду өсүп чыгат деп эктирип салган экен”.

Балыкчылык менен кесип кылган адам: “Мен ыйыктыгына анча маани берчү эмесмин. Айылда жин оорусу менен бир кыз ооруп калган. Ошол кыз жаз мезгили келе баштаганда ошол тоону көздөй кача берчү экен. Бир күнү кийимдеринин баарын чечип качып баратканын көрүп таң калганбыз. Күн суук болсо да үч күн ошол Ыйык жердын жанында тура бериптир. Анан бир агасы издеп барганда, машинанын үнү сыяктуу үн угулуп, жетип барса ошол жерде машина, карындашы гана турган болот. Кыз ошону менен айыгып кетет”.

«Менин билишимче Шамшыкал-Ата кудайдын кудурети менен жаралган. Илгери Азирети айып, Арстанбап, Шамшыкал деген үч бир тууган болгон. Бул ыйык жер ошолордун бири Шамшыкалдын атынан калган.

Бул жер илгерки ачкачылык учурунда канча деген пенделерибиздин өмүрүн сактап калган. Ал жакта булак бар. Жеп-ичерге эч нерсе таппаган адамдар ошондо туздан жалашып, анан артынан ошол булактан суу ичишип, турмуштун кыйын учурунда аман калышкан экен. Ошондой эле бул ыйык Шамшыкал-Атага канчалаган адамдар келишет. Көбүнчө бул жакка үчүнчү күнү нан, токочторун жасап алышып, бакыт тилегендер, балалуу болбогондор, иши жүрүшпөгөндөр, жолунан адашкандар келишет. Булакка зыярат кылышып, шам жактырып, төлгө ачтырып, жакшылыктан үмүт кылып, келип-кетип турушат.

Бул ыйык жердинэң башкы өзгөчөлүгү деп эмнени айткым келет? Канчалаган адамдар барып, ал тузду жардырып да, жөн да алып кетишсе да, анын орду эртеси эле кайра толуп калат. Мындай кудурети күчтүү жердин башка Ыйык жерлерден айрымасы ушунда болсо керек.

Мен өзүм бүбү болгондуктан, бул жалган жашоодо көптөгөн адамдарды көрдүм. Көпчүлүгү менен ушул Шамшыкал-Атага келип, төлгө да ачып берип жүрдүм. Баары эле күн мурунтан келишип, менин барып келишимди өтүнүшүп, өзүлөр алып барып, кайра үйгө чейин жеткирип коюшчу. Менин билишиме караганда, ошолордун көбүнүн кийин иши жүрүшүп, перзенттүү болушуп, үй-бүлө күтүшүп, өзүлөрүнүн бактыларын табышты. Мына ушуга да Шамшыкал-Атанын таасири тийди» (Аты-жөнүн атоодон баш тарткан бүбү, Көтөрмө айылынын жашоочусу).

 

2. Үч-Терек

Үч-Терек айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер

Ыйык жердин түрү – терек.

Оозеки тарыхы:

Илгери бул айылда бөксө дөбөдө үч терек болгон экен. Бул учур согуш мезгилине туура келет. Айылда аты белгилүү эле киши жокчулуктун айынан үч теректин бирөөсүн кыйып отун кылып жакмак болот. Айыл аксакалдарынын теректерди кыйбаш керек экендиги жөнүндөгү акылын укпайт. Теректи кыйып жаткан мезгилде аянычтуу үндөр угулат. Балта тийген сайын ал жеринен кан сызылат. Бир теректи кыйып бүткөнчө ал кишинин колдору калтырак болуп, өзүн алсыз сезе баштаган экен. Кыйып бүтүп эс алып олтурганда, көзүнөн, андан кийин кулагынан кан сызылып агыптыр. Акыры денеси калтырак болуп өлгөн экен. Атасынын өлгөнүн билбей жанына келген кичине баласы да эч себепсиз кайтыш болгон дешет. Муну сезип калган аксакалдар бул өлгөн кишинин калган кыздары аман калсын үчүн мал союп, кан чыгарып, теректерден кечирим сураган имиш. Теректин каарына калган ал кишинин тукуму курут болуптур (эркек уулдарынын баары өлгөн). Азыркы мезгилде ошол кишинин кыздарынын неберелери бар. Алар ошол теректерге алигиче сыйынып келишет. Кечкисин калган эки терек кыйылган шеригин жоктоп,бүгүн дагы коркунучтуу, ары сырдуу үн чыгарып шуулдашат. Ушул себептен айылдын аты да Үч-Терек деп аталып калган. Кийин согушка кеткен балдарынын амандыгын сурашып, жергиликтүү эл ошол теректерге барып бата тилешкен. Ошондон бери ошол айылдын эли сыйынып келишет.

«Уламыштарга караганда, Үч-Терек Ыйык жеры баатырлар Жаныш, Байыштын убагынан бери келе жатат. Ошол кезде тигилген үч терек, андан бери канча жылдар өттү, жашап келе жатат.

Мунун өзгөчөлүгү, илгери Эсенбай деген киши үч теректин бирин кыйып коюп, өлөр-өлгүчө бүткөн бою тешилип, ириңдеп өлгөн экен. Теректи кыйып жатканда, теректен кан чыгып, чаңырган үн жаңырган дешет.

Илгери бирөөлөр балалуу болбой, балдары токтобой койгон экен. Ошол киши ушул жерге үч чырпык тиккен. Үчөө көктөп чыкканда, ал дагы үч балалуу болгон дешет. Үч-Терек Ыйык жерине сыйынганы келгендер бул жерге шам жагып, тилек айтышып, Кудайдан бала тилешет, балалуу болбогондор келишет. Куран окушуп, Ыйык жерге сыйынышып, ар кандай тилек кылып кетишет. 2008-жылы үч Терек мечити курулду. Ошол мечит курулуп жатканда, саргаталык биздин ырчы кызыбыз Канымжан Жаманбаева дагы сыйынып кеткен.

Ошол теректин түбүндө муздак булак агып турат. Булакты булгашпайт.

Бул аймакта оң көлдүн аркы бетиндеги айлампанын астында Коңур деген чоң ыйык жер бар. Ал жерге илгери сыйынгандар таш тегеректеп коюшуптур. Жанына барып түнөп калсаң, кечиндеси кой айдагандай эле дабыш чыгып, дүңгүрөй берет. Кыйтуу деген кишинин аялы Ыйык жерди тегеректеген таштын жанынан бир чырпык алып, жагып коюп, катуу ооруп калып, биздин айылдагы чоң Калпа деген молдо дем салып айыктырган. Бул жер алыс болгондуктан, көпчүлүк биле бербейт. Бул жердин касиеттүүлүгү чоң» (Айылчиев Сулайман аксакал, 82 жашта).

3. Арчалуу Ыйык жер ата

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Нарын суусу менен Торкен суусунун Токтогул көлүнө куйган жериндеги тоонун башында жайгашкан. Ал жерде өскөн арча азар болот. Арчанын үстүндө жыл сайын балапан чыгарган бүркүт бар.

Ыйык жердин түрү – арча.

Оозеки тарыхы:

“Жергиликтүү ак сакалдар мындагы бүркүттүн канча жылдан бери бул жерди уялаганын билишпейт. Жума сайын адамдар келип түнөшүп, сыйынышса, ошол адамдардан коркпой жашаган бүркүттө да бир касиет бар деп айтышат. Ал жерге куран окуганда Арчалуу ыйык жер атага, Куш төрөөсү буудайыкка деп аташат. Ал жерге түнөгөн адамдар шам жагышып, оорулууга дем салып, Алка чакырып, кудайдан тилеп келишкен” (Майрамбек).

“Ошол арчаны бирөө кыйып түшүп, өзүнө, балдарына каргыш алган, өмүрүнүн акырына чейин арман кылып өткөн адам болгон экен. Каргыш кийин анын урпактарына да таасир эткен. Ал жерге бала сурап, оорулуулар ден соолук сурап сыйынып келишет” (атын жашырган адам).

Бул арчага чүпүрөк байлашат.

4. Каракаш ата

Токтогул шаарчасы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Токтогул шаарчасынын борборуна жакын жерде жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – токой. Бул токойдун ортосунда Карылар үйү курулган, ыйык булак жана мечит бар, мечиттин жанында кумурска да бар экен. Элдер сыйынганы келишет

Оозеки тарыхы:

“Илгери ыйык, эли үчүн кызмат кылган адам өткөн экен. Каракаш деген жер табигый токой болгон деген да маалыматтар бар. Себеби ал жерде суу чыкпаган, боз топурак кайрак жерде булак чыгып дайыма көгөрүп турган жер экен. Ал жерде адамдар да жашабаптыр. Кийин адамдар отурукташа баштагандан кийин да көркүн бузган эмес” (Байсал).

Бул жерге 3-4-5-күндөрү сыйынганы келишет. Ооруулулар, төрөбөгөн аялдар, бүбү бакшылар келип турушат. Мурда бул жердин шайыгы бар болгон экен, бирок азыр жок. Чүпүрөк байлоо дегенге бул жерге келген бүбү бакшылар жол бербейт, себеби алардын пикиринде периштелер муунат (зыяратчыдан алган Нургазиев Самагандын маалыматы).

5. Беке чал

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер… жайгашкан.

Ыйык жердин түрү —

Оозеки тарыхы:

“Илгери, мындан көп жыл мурун Беке чал деген балбан киши болгон экен. Ал балбандыгынан Кыргызстандын булун-булчунун элдери таанышчу экен. Бул Беке балбан карыганда бир тойдон бир келинди сүйүп калат. Келинге барып соз айтып тийишет: “Мага өмүрлүк жар бол, сага бут байлыгымды берем”, – дейт. Ушул учурда келин кылыктана: “Мага эч нерсеңиздин кереги жок, болгону сиздин чыныгы балбан экениңизди билишим керек. Ошондуктан мени бул турган жерден тээтиги тоонун (асканын) башына чейин эч тынымсыз көтөрүп чыгышыңыз керек. Ошондо мен сиздин чыныгы балбан экениңизге ынанып, башымды тартуу кылам, өмүрлүк жар болом”, – дейт.

Беке чал келинди алдына (колуна) көтөрүп аскага чыга баштайт. Эң чокусуна жетейин деп калганда, келин колундагы алмурутту чалга берет: “Меңиз, муну жеп алыңыз, мени көтөрүп чарчап калдыңыз”, – дейт. Чал көнбөйт, бирок акыры келиндин сөзүн жерге таштабай, колундагы алмурутту жеп коет. Келин сүйүнөт. Чал алмурутту жегенден кийин алсырап, келинди көтөрө албай калат. Бүт дарманы кетип алсыраганда, Беке чал намыстанып кетип, ошол аскадан боюн таштап жиберет. Мына ошол күндөн тартып бул аска-зоонун аты Беке чал аскасы, Беке чал жайлоосу деп аталып калган. Элдин айтуусунда бул жайлоого жайлаган элдердин өрүшү малга толуп, малынын төлү эгиздейт экен. Бул жердин адамдары да өзгөчө кайраттуу балбан келишет имиш. Мунун баарын Беке чалдын арбагы колдойт деп ишенишет экен. Бул жер – Кара-Көл менен Таш-Көмүрдүн ортосундагы жайлоо (Асира Үтүрова).

Булагы: http://traditionalknowledge.org/?page_id=488

Categories: Uncategorized | Оставьте комментарий

Токтогул районунда асфальт-бетон заводу курулууда

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда түркиялык насыянын эсебинен асфальт-бетон заводу  курулууда. Учурда ишкананын жабдуулары алынып келинип, аларды орнотуу иштери жүрүп жатканын аталган райондун акиминин биринчи орун басары Майорбек Сатымкулов билдирди. Айтымында, 1 даана бульдозер, 1 даана автогрейдер жана жүк ташуучу унаа да алынып келинген. «Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан долбоор жазылып, жабдуулар ошонун негизинде келди. Токтогул районундагы ички жолдордун абалы начар. Завод ишке кирсе, 2014-жылдан баштап райондун ички каттамындагы жолдор оңдоло баштайт»,- деди Сатымкулов

Categories: Uncategorized | Оставьте комментарий

АКИМ ТОКТОГУЛЬСКОГО РАЙОНА ОСВОБОЖДЕН ОТ ЗАНИМАЕМОЙ ДОЛЖНОСТИ

Шабданов Усенкул Турдукулович освобожден  от занимаемой должности главы государственной администрации — акима Токтогульского района Джалал-Абадской области. Об этом сегодня, 11 декабря, сообщает отдел информационного обеспечения аппарата правительства.

Соответствующее распоряжение подписал премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев. И сегодня же еще одним распоряжением на Сатымкулова Майорбека Асамкановича, первого заместителя главы государственной администрации — акима Токтогульского района Джалал-Абадской области Кыргызской Республики, возложено исполнение обязанностей главы государственной администрации — акима Токтогульского района Джалал-Абадской области Кыргызской Республики.

Categories: Uncategorized | Оставьте комментарий

2014 год в тюркском мире объявлен Годом Токтогула Сатылганова

На 31-м заседании постоянного совета министров культуры стран — членов ТЮРКСОЙ глава Минкультуры Султан Раев внёс данное предложение. Оно было поддержано единогласно. В связи сэтим мероприятия посвященные 150-летию великого кыргызского акына Токтогула Сатылганова пройдут во всех четырнадцати тюркоязычных странах и федеральных субъектах входящих  Международную организацию тюркской культуры.
 
В следующем году исполнится 150 лет со дня рождения непревзойдённого акына-импровизатора, комузиста-виртуоза и выдающегося композитора Токтогула Сатылганова. Он оставил глубокий след в кыргызской литературе и народной музыке. Это событие вместе с Кыргызстаном отметит и весь тюркский мир.
 
Султан Раев, министр культуры, информации и туризма: “Токтогул — великая личность всего тюркского народа. Мероприятия, посвященные творчеству Токтогула Сатылганова , будут проходить в Кыргызстане и в субъектах России. Ведь он автор классических куу и основатель акынской поэзии».
 
Научное и литературное сообщество с радостью приняло эту новость. По словам академика Абдылдажана Акматалиева, с обретением независимости творчество Сатылганова подвергалось критике со стороны некоторых лжеученых, которые критиковали его за идеализацию вождя мирового пролетариата Владимира Ленина и приверженность Советской власти.
 
Абдылдажан Акматалиев, академик, вице-президент НАН: “Его философские произведения являются основой кыргызской поэзии, но некоторые ученые очерняли его творчество. А ведь в союзное время его труды были переведены на другие языки. Он был композитором и мыслителем. Мы знаем, что казахи отмечали 150-летие Абая и Жамбыла на уровне ЮНЕСКО и поэтому нам приятно, что на уровне Тюрксой будет отмечаться юбилей».
 
У Токтогула уже с 12 лет проявились способности акына-импровизатора. В 18 он встретился в айтыше с маститым Арзыматом, придворным акыном крупного манапа Дыйканбая Рыскулбекова, и одержал над ним победу. С тех пор к нему пришла слава и тогда же кетмень-тюбинские манапы начали его преследовать. В 1898 году он был сослан в Сибирь. Однако в 1909 году ему удалось бежать из тюрьмы. В начале 1918 года в долину Кетмень-Тюбе пришла весть о победе Октябрьской революции. Акын приветствовал её и началась пора новых песен. Он исполнял не только свои песни, но и народные эпические поэмы, дастаны: «Кедейкан», «Джаныш-Байыш». «Курманбек», «Саринджи Бокей», «Олджобай и Кишимджан», «Ак-Меер». По свидетельству Калыка Акиева, в его репертуаре были также эпизоды из «Манаса» и «Семетея».
 
Нургуль Саматова, корреспондент: «Музей литературы и искусства имени Токтогула Сатылганова был основан в 1989 году к 125-летию акын-демократа. В этом доме жили его дочь Гульсара и сын Бабаджан. Наряду с архивными документами и фотоматериалами музей хранит и комуз Сатылганова» .
 
Его творчество оказало сильное влияние на поэзию, и импровизаторское искусство Калыка Акиева, Барпы, Женижока и многих других. Именем Токтогула названы его родной район в Джалал-Абадской области, крупнейшая ГЭС страны, Национальная филармония, а в 1965 году учреждена Государственная премия его имени за достижения в области литературы, искусства и архитектуры.
 
Categories: Uncategorized | Оставьте комментарий

Токтогул (Токтогул шаарчасы)

Токтогул (кирг. Токтогул шаарчасы) — город в Токтогульском районе Джалал-Абадской области Киргизии, является районным центром. Назван в честь народного акына Киргизии Токтогула Сатылганова. Ранее назывался Музтор. В 2012 году пгт Токтогул получил статус города[2]

Население — 16,4 тыс. жителей (2009).

Город расположен на северном берегу Токтогульского водохранилищаПамирский тракт, проходя мимо восточной оконечности водохранилища, соединяет посёлок с городами Кара-Куль и Джалал-Абад.

В Токтогуле есть профессиональный лицей, школы, отделения сбербанка, медико-социальная экспертная комиссия, молокозавод.

Координаты Координаты41°54′00″ с. ш. 72°57′00″ в. д.

Прежние названия Музтор
Город с 2012
Площадь 6,76 км²
Высота центра 988 м
Население 16429 человек (2009)
Почтовые индексы 721600, 721615, 721616

Источник: http://ru.wikipedia.org/wiki/Токтогул

Categories: Uncategorized | Оставьте комментарий

Панорама Токтогульское водохранилище!

Dima Lujanskiy фотосу

Токтогул

Categories: Uncategorized | Оставьте комментарий

На Токтогульской ГЭС прошли антитеррористические учения

В пятницу, 21 июня, в городе Кара-Куле Токтогульского района Джалал-Абадской области при экспертной и финансовой поддержке Центра ОБСЕ в Бишкеке прошли командно-штабные учения «Кара-Куль-2013» с участием личного состава отряда специального назначения «Шер» внутренних войск МВД КР.

В ходе учений отрабатывалось взаимодействие между органами внутренних дел, ГКНБ, другими силовыми структурами и администрациями гидроэлектростанций в целях ликвидации незаконных бандформирований при гипотетическом нападении на объекты стратегической важности, охраняемые личным составом внутренних войск.

Учения проходили в три этапа. В ходе них был разыгран сценарий освобождения членами специального отряда «Шер» контрольно-пропускного пункта, захваченного террористами, предотвращения закладки взрывчатки под несущие конструкции дамбы ГЭС и освобождения заложников.

URL: http://www.vb.kg/232764

Categories: Uncategorized | Оставьте комментарий

Создайте бесплатный сайт или блог на WordPress.com.

%d такие блоггеры, как: